Чек арачы болом дегендерге жаңы талап: сулуу жана бойлуу болуш керек
Чек ара кызматына англис тилин билген жигиттер тандалып алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Депутат Элвира Сурабалдиева КР Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимовго кайрылды:
“Чек арачыларды тандоодо англис тилин билгендерге басым жасап жатыптырсыздар. Ушул чынбы?” – деди депутат.
Данияр Сатимов бир гана англис тилин билүү жөндөмүнө эмес, сырткы көрүнүшүнө да карап башташканын билдирди.
“Чек арачылар ачык сынак негизинде тандалат. Бир гана англис тилин билүүсүнө басым жасалган жок. Андан сырткары сырткы көрүнүшүнө да карап баштадык: бою 170 см, сымбаттуу болушу керек”, - деди төрага.
“Сен сулуу эмес экенсиң, сен бойлуу эмес экенсиң деп албай койсоңор, дискриминация болуп калбасын”, - деди анда депутат.
Данияр Салимов чек ара – Кыргызстандын босогосу, дарбазасы болгондуктан, ал жерде сулуу, сымбаттуу жана тил билген кызматкерлердин турушу зарыл экенин белгиледи.
“Баарында бойлуу болууга, тил билүүгө умтулуу жаралат. Бул жакшы эмеспи”, - деди ал.
