Депутат Бишкекте көп кабаттуу имараттар курулганы менен канализация, ирригация көңүл сыртында калып жатканын айтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

Депутат Бишкекте көп кабаттуу имараттар курулганы менен канализация, ирригация көңүл сыртында калып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкек мэриясын инфраструктуралык долбоорлордун жоктугу үчүн сынга алды. 

Депутат Бишкекте канализация жана ирригация көйгөйлөрү бардыгын эске салды. 

“Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустары боюнча долбоорлор тизмеси бар экен. бирок Бишкек анда жок. Эмнеге Кыргызстандын борборуна эч нерсе каралган эмес? Бул жакта ирригация маселеси курч болуп турбайбы”, - деди депутат. 

Айтымында, жаңы жолдор салынгандан кийин көп жерлерде ирригациялык система бузулган. Бул айрыкча, Октябрь районуна таандык. Анын айынан бак-дарактар куурап баштады. 

Ошондой эле депутат борбор калаа ички миграциянын жана курулуштардын активдүү жүрүп жатканынын айынан оор жүккө кабылып жатканын белгиледи. 

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Бишкек үчүн дагы долбоорлор бардыгын билдирди. Айтымында, андай долбоорлордун бири – 70 миллион евролук – суу менен камсыздоо жана канализацияны жакшыртууга багытталган. 70 миллиондун 10 миллиондойу грант түрүндө келээрин орун басар кошумчалады. 

“Бишкекте тазалоо жабдыктарын реконструкциялоо жүрүп жатат. Бул иштер аяктагандан кийин алардын кубаттуулугу 380 миңден 500 миң кубометрге көбөйтүү пландалууда. Андан тышкары долбоордун шаардык тармактарды модернизациялоо боюнча 3-этабы каралып жатат”, - деди ал. 

Айтымында, Бишкек мэриясынын 70 миллион евролук долбоор боюнча сунуштамасы учурда Финансы министрлигинде каралууда. Андан тышкары, мэрия электробустарды сатып алуу үчүн 16 миллион евролук арыз да жолдогон. 

Депутат Кожокулова олуттуу долбоорлорду дайыма борбор калаадан баштоо керектигин эскертти. 

“Бишкекте инфраструктуралык көйгөй бүгүн эле пайда болуп калган жок. Шаардын түштүк бөлүгүндө бийик кабаттуу үйлөр көп курулуп жатат, ирригация менен суу менен камсыздоо курулуштарды кубалап жетпей баратат. Биз өзүнчө эле Манхэттен болуп калдык, жалаң бийик кабаттуу имараттар. Канализация, тазалоо жабдуулары, ирригация, суу менен камсыздоо кандай болуп жатат? Суроо абдан көп”, - деди депутат.