Курулуш министрлиги
24 ноябрь
Нарын шаарында 100 орундуу балдар бакчасы курулууда
Нарын шаарында 100 орундуу «Наристе-Нур» атындагы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 108 миллион сомду түзөт.
Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 65 пайызы аткарылды.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1027 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык зарыл шарттар каралат.
