УКМКнын жалган кызматкери Кыргызстанга киргизүү үчүн 900 миң сом талап кылган – кармалды
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте УКМКнын жалган кызматкери М.Д. кармалды.
М.Д. атайын кызматтын өкүлү катары өзүн тааныштырып, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө уруксат берүүчү документтерди алууга жардам көрсөткөндүгү тууралуу айтып, 900 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
