Медербек Алиев демилгелеген банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча токтомдордун аткарылышы каралды
Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 3297-VII «Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» жана 2026-жылдын 12-мартындагы № 302-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 3297-VII «Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Алгач токтомдордун демилгечиси, Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев аталган документтин максаты тууралуу маалымат берип, укук коргоо органдарына берилген тапшырмаларга учкай токтолду. Анын айтымында, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага жана Улуттук банкка ар квартал сайын Жогорку Кеңешке тиешелүү маалымат берип туруу милдеттендирилген.
«Башкы прокуратуранын жана ИИМдин маалыматы боюнча, банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 миллиард 61 миллион сомду түздү. Биздин чакан 7 миллион эли бар өлкөбүз үчүн бул олуттуу, эбегейсиз сумма. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын инфраструктурасы жана мүмкүнчүлүктөрү жогорку деңгээлде өнүккөн мамлекеттерде да мындай кылмыштарды жүз пайыз ачуу мүмкүн эмес экенин эске алуу керек. Биздин укук коргоо органдары Улуттук банк менен биргеликте жаңы чакырыктарга ылайык, санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланып, бул багыттагы иштерди мындан ары да жигердүү улантып, өз ишмердүүлүгүн өркүндөтөт деп ишенем. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бул ишке да катышууга кызыкдар экенин эске алуу менен, тиешелүү токтомдун аткарылышына түшүнүү менен мамиле кылып, алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен ишибизди активдүү улантууга чакырам», – деген Медербек Алиев аткарылган иштер үчүн Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жана Улуттук банкка ыраазычылык билдирди.
Андан соң баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров токтомдорду аткаруу максатында Улуттук банк тарабынан аткарылган чаралар тууралу айтып берди. Тагыраагы, негизги жыйынтыктардын бири тиешелүү ченемдик укуктук базанын түзүлүшү болду. «Коргоонуунун негизги механизмдеринин бири – онлайн-кредиттерди алууда жана шектүү транзакцияларды жүргүзүүдө «Муздатуу мезгили» (период охлаждения) түшүнүгүнүн киргизилиши болду. Экинчи маанилүү курал – бул «Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу (самозапрет) мүмкүнчүлүгү», – деди Мелс Аттокуров. Ошондой эле антифрод-системаларды киргизүү багытындагы иштерге токтолду.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева айрым кылмышкерлер чет өлкөлөрдө болгонун жүйө келтирип, кылмыштардын бетин ачуу деңгээлин жогорулатуу тууралуу сөз кылды. Ал эми депутат Дастан Бекешев бул багытта чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен гана эмес, ири эл аралык технологиялык компаниялар менен да кызматташууну күчөтүү керектигин айтып, киберкылмыштуулук жөнүндө Будапешт конвенциясына кошулуу процессин тездетүүнү табыштады. Муну менен катар эл өкүлдөрү Айсаракан Абдибаева, Гүлшаркан Култаева шектүү банк операцияларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча банк сектору тарабынан көрүлүп жаткан чараларды такташты. Депутат Данияр Толонов антифрод-системаларды киргизүүнү тездетүү жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу маселелерин ортого салды. Ошону менен бирге депутат Исманали Жороев калк арасында, айрыкча жаштарга түшүндүрүү иштерин кеңейтүү керектигин белгилеп, көптөгөн жаштар дроппер катары тартылып, укуктук кесепеттерин толук түшүнбөй алдамчылыкка аралашып жатканын айтты. Депутат Уланбек Жаанбаев калктын карыз жүгүнүн жогору болуп жаткандыгына көңүл буруп, анын ичинен жаштарга насыя берүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Депутат Бурул Аманова окуучулар арасында да башка балдардын кысымы же мажбурлоосу менен насыя алууга аргасыз болгон учурлар кездешерин белгиледи. Эл өкүлү Улан Примов жасалма интеллект колдонулган киберкылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү маселесине токтолду.
