«Даңазалуу доор» сериалынын жылдызы Дениз Чакыр Түркияда баңгизат жана сойкулук иши боюнча кармалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

«Даңазалуу доор» сериалынын жылдызы Дениз Чакыр Түркияда баңгизат жана сойкулук иши боюнча кармалды

Түркиянын Стамбул шаарында «Даңазалуу доор» тарыхый сериалындагы Шах-султандын ролу аркылуу кеңири таанылган актриса Дениз Чакыр кармалды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, баңгизат жана сойкулукка байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Стамбул прокуратурасы 35 шектүүнү кармоо боюнча токтом чыгарган. Учурда алардын 23ү кармалды.

44 жаштагы Дениз Чакыр менен бирге белгилүү ырчы жана актёр Өзжан Дениз, актриса Буржу Өзберк, телеалпаруучу Мурат Джейлан жана шоу-бизнестин башка өкүлдөрү да кармалганы кабарланды.

Стамбул прокуратурасы сойкулук, баңгизат жана психотроптук заттарды сатуу, берүү, колдонуу жана сактоо фактылары боюнча тергөөнү улантууда.

Кармоого шектүүлөрдүн жана күбөлөрдүн, анын ичинде аты-жөнү жашыруун сакталган адамдардын көрсөтмөлөрү, ошондой эле алынган уюлдук телефондорго жана башка санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктары негиз болгон.

Прокуратуранын маалыматына караганда, жаңы далилдер айрым адамдардын баңгизат колдонгону же сактаганы боюнча шектенүүлөрдү жараткан.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, Дениз Чакыр азырынча кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Операция Түркияда көңүл ачуу индустриясынын өкүлдөрүн да камтыган баңгизатка каршы бир катар ири иш-чаралар өтүп жаткан учурда жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Стамбулда ушул сыяктуу эки тергөөнүн алкагында актёрлор, музыканттар жана башка белгилүү адамдарды кошкондо 21 киши кармалган.

Прокуратура тергөө бардык багыттар боюнча уланып жатканын белгиледи. Кармалгандардын күнөөсү сот тарабынан аныктала элек.