Ош шаарында мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамаларга көзөмөл күчөтүлдү
видеодон алынган кадр
25 ноябрь

Ош шаарында мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамаларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун, 24-ноябрда Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейд алгач Курманжан датка көчөсүндө башталып, ага Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген, ошондой эле эскилиги жеткен көрнөк-жарнамалардын ээлерине эскертүүлөр берилип, мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары буга чейин тиешелүү эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилгенине карабастан, мыйзам талаптарына жооп бербеген жана эскилиги жеткен жарнамалык такталар алынды.

Рейддик иш-чаралар уланат.