Базар-Коргон районунда жаңы бала бакча курулууда 
Курулуш министрлиги
25 ноябрь

Базар-Коргон районунда жаңы бала бакча курулууда 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында заманбап бала бакча курулууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 28,8 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, бала бакча 50 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 369 чарчы метрди түзөт. Анда балдар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.

Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 70 пайызга аткарылды.