Улуттук агенттик Гонконгдун GUOSEN SECURITIES финансылык компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Гонконгдун GUOSEN SECURITIES (HK) FINANCIAL HOLDINGS COMPANY, LIMITED финансылык компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Меморандум инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасына эл аралык капиталды тартууга, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга багытталган.
Кол коюлган меморандумдун алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо каражаттарын тартуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну көздөшүүдө.
