президенттин иш башкармалыгы
25 ноябрь
Президенттин иш башкармалыгынын ведомстволук уюмдарынын кирешеси 28 млрд сомдон ашты
2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Президенттин иш башкармасынын ведомстовлук уюмдарынын жалпы кирешеси 28 млрд 30 млн 708,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу 24-ноябрда өткөн коллегиялык жыйында маалым болду.
Пландык көрсөткүч 23 млрд 785 млн 959,2 миң сомду түзүп, план 117,8 пайызга аткарылды. Иш жүзүндөгү киреше пландан 4 млрд 244 млн 749,1 миң сомго ашты.
2025-жылдын ушул эле мезгилинде жалпы киреше 21 млрд 582 млн 599,6 миң сомду түзгөн. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу киреше 6 млрд 448 млн 108,7 миң сомго же 29,9 пайызга өстү.
