1937-жылы курулган имарат: депутат шарты жок жерде чыдап иштегендердин көйгөйүн көтөрдү
25 ноябрь

1937-жылы курулган имарат: депутат шарты жок жерде чыдап иштегендердин көйгөйүн көтөрдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рустамбек уулу Советбек Кыргызстанда 1937-жылы курулган имарат мамлекеттик мекеме катары ушул күнгө чейин иштеп жатканын билдирди.

Айтымында, ал – Ноокат районунун борборунда жайгашкан, 7 миңге жакын педагогдордун ишин координациялаган билим берүү бөлүмү.

“Имарат 1937-жылы курулган. Учурда полу чирип калган, жапыз, көк жыттанып турат. Ал жерде иштегендер качантан бери айталбай жүрүп, эми гана айтып башташты. 2018-жылы аларга жаңы имарат куруу маселеси көтөрүлүп, бирок пандемияга байланыштуу калып кеткен эле”, – деди депутат.

Ал президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып, аталган билим берүү бөлүмүнө жаңы имарат куруу маселесин капиталдык салымдар беренесине киргизип коюусун өтүндү.