Көкүлов Умрага барган кыргызстандыктар көчөдө калганын кабарлады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов “Нур Умра Тревэл” компаниясы аркылуу Умрага барган кыргызстандыктар Мекке шаарында көчөдө калганын билдирди.
Айтымында, аталган компаниянын директору Мирзат Кошоева камакка алынгандан кийин кыргызстандыктарды ал жактагы мейманканадан чыгарып салышкан.
“Умрага барган биздин аталар, апалар көчөдө калышты. Кечээ аларды мейманканадан чыгарып салышыптыр. Мен аларды бул жакка келүүсүнө көмөктөшүүңөрдү суранам”, - деди президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып.
Ал ошондой эле мындай көрүнүш “уят” экенин белгилеп, адамдарды Умрага жөнөтүү менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.
Эске салсак, “Нур Умра Тревэл” компаниясынын жетекчиси Мирзат Кошоева 18-ноябрда кармалган. Ал алдамчылык беренеси боюнча шектелүүдө. Буга Умрага жөнөгөн 100дөн ашуун кыргызстандык Ташкент абамайданында атайын тиркемеде милдеттүү каттоосу жок болгону үчүн калып кетишкени себеп болгон.
