Россияда билим алып жаткан кыргызстандык офицерлерге 25 миң сом кошумча төлөм берилбей келет
25 ноябрь

Россияда билим алып жаткан кыргызстандык офицерлерге 25 миң сом кошумча төлөм берилбей келет

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев мамлекеттин тапшырмасы менен квалификациясын жогорулатып жүргөн болочок офицерлер 25 миң сомдук үстөк төлөмдү ала албай жатышканын билдирди.

Айтымында, депутатка бул тууралуу көп кайрылуулар болгон.

Ал белгилегендей, 2025-жылдын июль айында аскер кызматкерлерине 25 миң сом үстөк төлөм киргизилген. Бирок бул төлөм бардык эле аскер кызматкерлерине жеткиликтүү болгон жок.

“Россия Федерациясындагы аскердик академияларда мамлекеттик тапшырма менен билим алып жаткан кыргызстандык офицерлердин социалдык камсыздоосуна көңүл бура турган жагдай жаралууда. Алар башка өлкөдө билим алып жатышат, штатта турушат, кызматтан четтетилишкен эмес. Мамлекеттин тапшырмасын аткарып, келечек офицер кадрлары катары билим алып даярдыктан өтүшүүдө”, - деди депутат.

Ал Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы №10 жобосуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Айтымында, Россияда квалификациясын жогорулатып жаткан аскер кызматкерлери инфляцияга байланыштуу турмуштук кыйынчылыкка туш келишти.

“Ушул нерсеге көңүл буруп, үстөк төлөмдү аларга да берүү керек”, - деди Жаанбаев.