Баткен шаарына республикалык бюджеттен жыл сайын 1 млрд сомдон бөлүү сунушталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Баткен шаарына республикалык бюджеттен жыл сайын 1 млрд сомдон бөлүү сунушталды

Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 1 млрд сомдон бөлүү сунушталды. Мындай демилгени бүгүн, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев көтөрдү.

Анын айтымында, акыркы жылдары Баткен облусуна, айрыкча чек ара маселелери жөнгө салынгандан кийин, өзгөчө көңүл бурулуп келет. Бирок шаардын инфраструктурасын толук кандуу өнүктүрүүгө жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетишсиз.

Депутат билдиргендей, Баткен шаарынын жылдык бюджети болжол менен 163 млн сомду түзөт. Ошол эле учурда шаардагы ондогон чакырым жолдор оңдоого жана асфальттоого муктаж. Учурдагы каражат менен мэрия жылына болжол менен бир чакырым жолду гана асфальттай алат.

Парламентарий башка облустук борборлорго, анын ичинде Каракол, Манас жана Талас шаарларына өнүктүрүү үчүн олуттуу каражаттар бөлүнүп жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу ал Баткен шаарына да республикалык бюджеттен жыл сайын 1 млрд сом бөлүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, депутат аймактагы туризмди өнүктүрүү жана туристтик жайларга каттамды жакшыртуу максатында Көк-Мойнок жана Гавиян туристтик объектилерине баруучу жолду оңдоо зарылдыгын белгиледи.