Кыргызстанда "Сириус" билим берүү долбоору ишке ашырылат
Министрлер кабинети
25 ноябрь

Кыргызстанда "Сириус" билим берүү долбоору ишке ашырылат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында “Сириус” федералдык аймагынын кеңешинин төрайымы Елена Шмелева менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. 

Тараптар билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө, ошондой эле таланттуу балдар менен жаштарды колдоого багытталган “Кыргызстан – Сириус” биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча даярдыктардын жүрүшүн жана практикалык кадамдарды талкуулашты.

Кыргызстандагы мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн "тездетилген" билим берүү программаларын ишке киргизүүгө, ошондой эле Бишкекте "Кыргызстан – Сириус" таланттар саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана "Кыргызстан – Сириус" долбоорун ырааттуу ишке ашырууга кызыкдар экенин тастыкташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун негизги параметрлерин, анын ичинде каржылоону, курулушту, башкарууну жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн координациялоо милдети жүктөлгөн биргелешкен жумушчу топту түзүү сунушу колдоого алынды.

Андан тышкары, тараптар өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карашат.