Кыргызстанда иштегендердин 37% жумуш ордунда зомбулукка жана куугунтукка кабылган
сүрөт: depositphotos.com
25 ноябрь

Кыргызстанда иштегендердин 37% жумуш ордунда зомбулукка жана куугунтукка кабылган

Кыргызстанда сурамжылоого катышкан кызматкерлердин 37%ы акыркы бир жыл ичинде жумуш ордунда зомбулукка же куугунтукка кабылган. Ошол эле учурда жабыркагандардын 44%ы жардам сурап эч жакка кайрылган эмес.

Мындай маалыматтар CAS Analytics уюмунун Ынтымакташтык борборунун колдоосу менен жүргүзгөн изилдөөсүндө айтылды. Анын жыйынтыктары 23-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынында талкууланды.

Изилдөөгө ылайык, жумуш ордунда эң көп кездешкен көрүнүш психологиялык зомбулук болуп, сурамжылоого катышкандардын 28%ы мындай учурларга туш болгон. Экономикалык зомбулукка, анын ичинде айлык акыны кечиктирүүгө жана акы төлөнбөгөн жумушка 21%ы кабылган. Ал эми физикалык жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгондордун үлүшү 9%дан түзгөн.

Мындай учурлардын эң жогорку көрсөткүчү Ош облусунда (51%) жана Бишкек шаарында (44%) катталган. Мейманкана жана ресторан бизнесинде иштегендердин 47%ы жумуш ордунда зомбулукка кабылганын билдирген.

Изилдөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 1 миң 267 адам катышкан. Анын авторлору алынган жыйынтыктар Кыргызстандагы жалпы эмгекке жарамдуу калктын абалын эмес, сурамжылоого катышкан адамдардын жоопторун гана чагылдырарын белгилешкен.