Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду
Курулуш министрлиги
24 ноябрь

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.

Имараттын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктады. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 748 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Анда кызматкерлердин иш алып баруусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.