Кыргызстандыктар микрокредиттин 46 млрд сомдон ашыгын жеке керектөөлөрүнө жумшашкан
Кыргызстанда берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү бизнести же айыл чарбасын өнүктүрүүгө эмес, жарандардын жеке керектөөлөрүнө жумшалууда. 2026-жылдын январь–сентябрь айларында ушул максатта калкка 46 млрд сомдон ашык каражат берилген.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Маалыматка ылайык, тогуз айда микрокредиттик уюмдар калкка жалпы 76 млрд сомдон ашык насыя беришкен. Анын 61 пайызы керектөө насыяларына туура келген. Башкача айтканда, берилген каражаттын дээрлик үчтөн экиси жарандардын жеке чыгымдарына багытталган.
Насыялардын көлөмү боюнча экинчи орунда айыл чарбасы турат. Бул тармакка жалпы кредиттердин 15 пайызы же болжол менен 11,4 млрд сом берилген.
Ал эми соода жана коомдук тамактануу тармагына 13 пайыз же 9,9 млрд сомго жакын каражат туура келген. Калган 11 пайызы (8,4 млрд сом) башка багыттарга жумшалган.
Ошентип, керектөө насыяларынын көлөмү айыл чарбасына берилген каражаттан төрт эседен ашык, соода жана коомдук тамактануу тармагына берилген насыялардан дээрлик беш эсе көп болгон.
Муну менен катар микрокредит алуучулардын саны да көбөйгөн. Тогуз айда алардын саны 2 миллиондон ашып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсе өскөн. Улуттук статистика комитети мындай өсүштү кыска мөөнөттүү онлайн насыялардын кеңири жайылышы менен байланыштырат.
Дистанттык насыя берүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы мындай каржылык кызматтарды жөнгө салуу талаптарын күчөтүүдө.
2026-жылдын 1-декабрынан тартып жаңы эрежелердин негизги бөлүгү күчүнө кирет. Алар карыз алуучуларды кошумча текшерүүнү, онлайн насыя берүүгө чектөөлөрдү жана айрым насыяларды берүү алдында күтүү мөөнөтүн киргизүүнү карайт.
Атап айтканда, 50 миң 1 сомдон 100 миң сомго чейинки аралыктан берилүүчү насыялар үчүн кеминде төрт сааттык күтүү мөөнөтү белгиленет. Ал эми 100 миң сомдон ашкан насыялар боюнча бул мөөнөт 12 саатты түзөт.
2027-жылдын 1-февралынан тартып насыя берүүчүлөр күтүү мөөнөтүн эсептөөдө кардардын ошол эле уюмдан акыркы жети календардык күн ичинде алган башка аралыктан берилген насыяларын да эске алышы керек болот.
Бул өзгөртүүлөр онлайн насыя берүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана жарандардын ойлонбой насыя алуусунан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, келтирилген статистика микрокредиттик уюмдар тарабынан берилген насыялардын көлөмүн көрсөтөт. Бул калктын микрофинансылык уюмдар алдындагы жалпы карызы эмес.
