Кыргызстандагы жолчулар үчүн кышкыга бирдиктүү форма тигилүүдө
Жолчулар үчүн бирдиктүү форма киргизилүүдө, деп билдирет Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине караштуу өлкө боюнча 57 жол тейлөө мекемеси бар.
Мекеменин кызматкерлери жылдын төрт мезгилинде аба ырайынын катаал шарттарына карабастан, кышы ызгаар суукта, жайдын ысык аптабында эл аралык, республикалык, облустук жана райондук маанидеги автомобиль жолдорун тейлеп, жол кыймылынын үзгүлтүксүз болушун камсыз кылышат.
Жолчулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында министр Талантбек Солтобаев Осмонбековичтин демилгеси менен өлкө боюнча жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери үчүн бирдиктүү атайын форма тигилүүдө.
Учурда кышкы формалар даярдалып, биринчи кезекте алыскы ашууларда жана суук аймактарда эмгектенген жолчуларга жеткирилүүдө.
Жаңы форма иш учурунда ыңгайлуу жана жылуу болушу менен катар, кызматкерлердин коопсуздугуна да багытталган. Тактап айтканда, кийимдердин көрүнүктүү жерлерине жарыкты кайтаруучу атайын чагылдыргыч элементтер тигилген. Бул түнкү убакта жана көрүнүү начар шарттарда жолдо иштеген кызматкерлердин коопсуздугуна багытталган.
Жалпысынан жолчулар үчүн кышкы, жайкы жана жаз-күз мезгилдерине ылайыкталган үч түрдөгү форма даярдалууда. Ар бир жол тейлөө мекемесинин 30 кызматкерин бирдиктүү форма менен камсыз кылуу каралган.
