Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү
Энергетика министрлиги
23 ноябрь

Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү

Кыргызстанда керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону токтотпостон, электр тармактарын оңдоо технологиясы биринчи жолу иш жүзүндө колдонула баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Жаңы технология Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында киргизилип, калкты, өнөр жай ишканаларын жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Алгачкы оңдоо иштери Чүй облусунун Маевка айылындагы Биримдик турак жай массивинде Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жеке көзөмөлү алдында жүргүзүлдү.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы болгон Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк райондук электр тармактарынын адистери 0,4 кВ чыңалуудагы аба электр чубалгысындагы изоляторду алмаштырышты. Иштер электр чубалгысын өчүрбөстөн, түздөн-түз чыңалуунун алдында аткарылды. Жаңы технологиянын жардамы менен оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда да тургундар электр энергиясын үзгүлтүксүз пайдалана алышты.

Министр Алтынбек Рысбеков иштердин жүрүшү, колдонулуп жаткан жабдуулар жана атайын коргонуу каражаттары менен таанышты. Өзгөчө көңүл эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарынын сакталышына, ошондой эле адистердин кесиптик даярдыгына бурулду.

«Мен эмгек жолумду электромонтёр болуп баштагам жана энергетиктердин иши канчалык жоопкерчиликтүү жана татаал экенин жакшы билем. Ошондуктан кызматкерлерибиздин керектөөчүлөрдү электр энергиясынан ажыратпастан, чыңалуунун алдында оңдоо иштерин аткарып жатканын көрүү мен үчүн өзгөчө толкундануу жаратат. Бул жерде шашылыштыкка жана ката кетирүүгө жол берилбейт. Коопсуздук техникасы биринчи орунда турушу керек. Ар бир аракет так ырааттуулукта, кылдаттык жана кесипкөйлүк менен аткарылышы зарыл. Биздин милдет — заманбап технологияларды киргизүү менен бирге, биринчи кезекте энергетиктердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошол эле учурда керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу», — деп белгиледи энергетика министри Алтынбек Рысбеков.

Жаңы технологияны киргизүү жана адистерди даярдоо максатында Каракол шаарында чыңалуунун алдында иштөө боюнча адистештирилген Окуу борбору түзүлгөн. Борборду курууга жана жабдууга 55 млн сомдон ашык каражат багытталган. Имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, окуу полигону жаңыланган. Ошондой эле заманбап жабдуулар, атайын шаймандар, коргонуу каражаттары жана керектүү техникалар сатылып алынган.

Окуу борбору тиешелүү лицензия алып, адистерди даярдоону баштады. Бүгүнкү күнгө чейин 20 энергетик окуудан өттү. 2026-жылдын аягына чейин даярдалган адистердин санын 24кө жеткирүү пландалууда. Келечекте окуудан өтүүчү адистердин саны жыл сайын көбөйтүлөт. Окутуу программасы теориялык жана практикалык даярдыкты, электр коопсуздугунун талаптарын үйрөнүүнү жана иштерди аткаруунун атайын ыкмаларын өздөштүрүүнү камтыйт. Окуу полигонунда 500 кВга чейинки ар кандай чыңалуу класстарындагы жабдуулар менен иштөө технологиялары да көрсөтүлөт.

Бул багытты мындан ары өнүктүрүү максатында 2026–2030-жылдарга карата чыңалуунун алдында иштөө технологиясын киргизүү концепциясы иштелип чыккан. Анда жаңы технологияны колдонууну кеңейтүү, адистерди даярдоо жана энергетикалык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо каралган.

Технологияны киргизүүдө эл аралык кызматташтык да маанилүү роль ойнойт. Долбоорго Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын «Сетевая компания» ААКсы усулдук жана кесиптик колдоо көрсөтүүдө. Компаниянын адистери окуу программаларын иштеп чыгууга жана техникалык документтерди Кыргызстандын электр тармактарын эксплуатациялоо шарттарына ылайыкташтырууга катышкан. Мындан тышкары, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын 11 кызматкери Татарстан Республикасынын Зайинск шаарындагы «Чыңалуунун алдында иштөө борбору» кошумча кесиптик билим берүү жеке мекемесинде атайын даярдыктан өтүшкөн.

Жаңы технологиянын негизги артыкчылыгы — оңдоо жана алдын алуу иштеринин айрым түрлөрүн керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнү токтотпостон жүргүзүүгө мүмкүндүк бергендигинде.