Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусунда, эртең көчмө жыйын өтөт
Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 23-ноябрда Баткен облусуна иш сапары менен келишти. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Эл өкүлдөрүн Баткен аэропортунан Баткен облусунун өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева тосуп алды.
Иш сапардын алкагында депутаттар алгач Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып, билим берүү мекемесиинин материалдык-техникалык базасы, окуу шарттары жана адистерди даярдоо багытындагы иштерге көңүл бурушту.
Андан соң депутаттар Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы логистикалык борборго жана «Бий-Көк» кооперативине барышты.
Ошондой эле комитет мүчөлөрү Кадамжай районунун Айдаркен, Бирлик, Майдан жана Үч-Коргон айыл аймактарындагы бир катар жалпы билим берүү мектептеринин жана кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы, окуу-тарбия процесси, шарттары жана тармактагы актуалдуу маселелер каралды.
Белгилей кетсек, 24-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган комитетинин көчмө жыйыны өтөт. Жыйында билим берүү, инновациялык өнүгүү, маданият, спорт жана жаштар саясатына байланышкан маселелер талкууланат.
