Кыргызстанда 18 жашка чыга электерге электр самокаттарды ижарага алууга тыюу салуу сунушталууда
Кыргызстанда 18 жашка чыга элек жарандарга ижарага берилүүчү жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууга тыюу салуу сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитети биринчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Медер Чотонов, Акылбек Түмөнбаев, Алишер Козуев, Жылдыз Эгенбердиева, Болот Ибрагимов, Бактыбек Чойбеков, Сүйүнбек Өмүрзаков, Гүлнара Баатырова жана Эльвира Сурабалдиева.
Медер Чотонов белгилегендей, мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү кызматын жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.
Документте мындай каражаттарды 18 жашка чыга элек адамдардын колдонуусуна чектөө киргизүү, ошондой эле аларды ижарага берген компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү каралган.
Талкуу учурунда депутат Максат Алымбеков жаңы талаптардын аткарылышын кайсы мамлекеттик орган көзөмөлдөп, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тарта турганын сурады. Ал бул милдетти аткара турган ыйгарым укуктуу органды так аныктоону сунуштады.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мыйзам долбоорун дагы толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, сунушталып жаткан ченемдер негизинен ижарага берилүүчү самокаттарга тиешелүү. Ал эми жарандардын жеке пайдалануусу үчүн сатып алган мындай каражаттарды колдонуу маселеси жөнгө салынбай калууда.
Ошондой эле ал колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштетүү механизмдерин мыйзам долбоорунда так көрсөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов да мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү керектигин билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
