Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 21 чакырымына асфальт төшөлдү
Иллюстрациялык сүрөт
23 ноябрь

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 21 чакырымына асфальт төшөлдү

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун жалпы 55 чакырымын капиталдык оңдоо пландалган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы анын 21 чакырымына биринчи катмар асфальт төшөө иштери аткарылды. Жол III–IV категорияга кирет. Жолдун туурасы 8–10 метрди, асфальттын туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында 100гө жакын суу өткөрүүчү түтүк орнотулду.

Аталган автожолдо асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо үчүн жер жумуштары 70%га аткарылды. Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Иштер кийинки жылы кайрадан улантылып, жолду капиталдык оңдоо иштери жүрөт.

Токтогул – Беш-Таш автожолун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн президенттин стабилдештирүү фондунан атайын каражат бөлүнүп берилген.

Курулуштун жүрүшү Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө.