Иллюстрациялык сүрөт
23 ноябрь
Таласта 38 жаштагы жаран аттан кулап каза болду
Талас районунун Жон-Арык айылында аттан кулап жаракат алган жаран каза болду. Ал 38 жашта болгон.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 18-ноябрда болгон. Т.А., аттуу жаран айылдаштары менен спирт ичимдигин ичип, мас абалында ат минип чаап баратып кулап, денесинен жаракат алган.
Маркумдун апасынын айтымында, ошол күнү саат 19:30 чамасында жээни аны көчөдө жаткан жеринен таап, үйүнө алып келген. Ал ошол эле түнү каза болуп калган.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда текшерүү иштери улантылууда.
