Кыш мезгилине даярдык: жол тармагындагы мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди
23 ноябрь

Кыш мезгилине даярдык: жол тармагындагы мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кыш мезгилине карата даярдык жана автомобиль жолдорунда үзгүлтүксүз каттамды камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү.

Жыйынды министрдин биринчи орун басары Тариел Камалбекович өткөрүп, ага министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле видеоконференция аркылуу жол тейлөө ишканаларынын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйында кыш мезгилинде өлкөнүн негизги автожолдорунда, өзгөчө Бишкек – Нарын – Торугарт багытындагы Куакы, Долон, Кызыл-Бел жана Торугарт ашууларында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Бул багытта инерттик материалдардын, күйүүчү-майлоочу майлардын жетиштүү запасын түзүү жана атайын техникалардын даярдыгын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Ош – Бишкек жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларын кышкы тейлөөгө даярдоо, Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун абалын жакшыртуу, оор жүк ташуучу унаалардын тыгындарын азайтуу жана алар үчүн атайын токтотуучу жайларды уюштуруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо Резорт” туристтик аймагына баруучу жолду талаптагыдай тейлөө боюнча тапшырмалар коюлду.

Ал эми министрдин орун басары Бактылуу Аскар уулу Ош – Манас автомобиль жолундагы транспорттук тыгындарды жоюу маселесин көтөрүп, Жол чарба департаментине тиешелүү чараларды ыкчам көрүүнү тапшырды.

Жыйындын алкагында мекеме-ишканалардын 2026-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2027-жылга карата иш пландарын даярдоо маселелери да каралды.

Жыйындын соңунда жооптуу жетекчилерге берилген тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлгө алуу, жолдордун абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү милдеттендирилди.