Россияга жаңы барган кыргызстандык мигрант 30 күндүн ичинде жасап үлгүрүшү керек болгон 3 нерсе
Россиянын Калининград шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Кажыбек Усупов “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, мигранттардын басымдуу бөлүгү түшүнбөй жаткан мыйзамдардын бири мурдагы – “180ден 90”, азыркы – “365тен 90”.
Айтымында, бул мыйзамда чет өлкөлүк Россиянын аймагына киргенден кийин 30 күндүн ичинде алгачкы миграциялык талаптарды аткарышы керектиги белгиленген. Алар:
1. Медициналык кароодон өтүү.
2. Манжа изин тапшыруу.
3. Жумуш келишимин түзүү.
“Эгерде 30 күндүн ичинде булардын баарын аткара албай калсаң, анда сага берилген 90 күндүн соңуна чейин Россияда жүрө аласың, андан кийин мекениңе кетишиң керек. Ушул жерден көбү билбестиктен жаңылышат: алар мурдагыдай эле 3 айдын ичинде кайра барсам, киргизишет деп кабыл алышат. А азыр ушундай шартта кеткен адамдарга Россияга кайра барууга 1 жылдан кийин гана уруксат”, - деди ал.
Айтымында, жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары жолугушту. Кыргыз депутаттары мигранттардан кандай маселелерди көтөрүү керектигин сурашканда, алар көйгөйлөрдү тизмелеп беришкен.
Мисалы, Усупов белгилегендей, Россияда мигранттар медициналык кароодон атайын борборлордо гана өтүүгө тийиш. Кыргызстандагы лабораториялардын жыйынтыгы жана Россиядагы башка медициналык борборлордун кароосу кабыл алынбайт. Бирок атайын борборлордо кезек көп, мындан улам мигранттар айрым учурда 30 күндө бардык талаптарды аткарып жетише албай калышат. Мындан улам мигранттар Россия атайын борборлорун Кыргызстанга да ачышын каалашат. Ошондо, жарандар орус аймагына бара электе эле медициналык кароодон өз жеринде өтүшмөк.
Экинчи көйгөй – милдеттүү медициналык камсыздандыруу. Ал жумуштук келишимдин негизинде кыргызстандыктарга акысыз. Бирок алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилбейт. Мындан улам мигранттар балдарын бала бакча, мектепке орноштурууда кыйналышууда.
