Сүрөт ачык булактардан алынды
23 ноябрь
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев өз каалоосу менен кызматынан кетти
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-ноябрда, Майлибашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
Анын мэрлик кызматтан кетүү чечиминин себептери азырынча тактала элек.
Улан Майлибашев алгач 2021-жылдын июнь айында Кант шаарынын мэри болуп дайындалган.
2024-жылдын апрель айында административдик-аймактык реформадан кийин жана Кантка облустук маанидеги шаар макамы берилген соң, президент Садыр Жапаров аны кайрадан мэрлик кызматка дайындаган.
Буга чейин, 2026-жылдын февраль айында да Майлибашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бирок андан кийин шаар башчысы катары ишин уланткан.
