Кыргызстанда жыл аягына чейин дагы 47 ишкананы ишке киргизүү пландалууда
президенттин администрациясы
23 ноябрь

Кыргызстанда жыл аягына чейин дагы 47 ишкананы ишке киргизүү пландалууда

2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда дагы 47 өнөр жай ишканасын пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2026-жылы жалпысынан 118 ишкананы ишке киргизүү пландалган. Анын ичинен 71 ишкана буга чейин пайдаланууга берилген, дагы 47си жыл аягына чейин иштей башташы керек.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда 119 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилген.

Касымалиев жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана жумуш орундарын түзүү аймак жетекчилеринин негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калышы керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда ал айрым аймактарда жаңы ишканаларды ачууга кызыгуу төмөн болуп, жумуш орундарын түзүү боюнча демилгелер жетишсиз экенин айтты.