Кыргызстандык паратриатлончулар дүйнө чемпионатында үч медаль утту
24 ноябрь

Кыргызстандык паратриатлончулар дүйнө чемпионатында үч медаль утту

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 13–22-ноябрь күндөрү өткөн “World Triathlon Multisport Championships Abu Dhabi 2026” дүйнө чемпионатында Кыргыз Республикасынын курама командасы паратриатлон боюнча үч медаль жеңип алды.

Атаандаштык Long Distance Triathlon ( сууда сүзүү 3 км, велоспорт 120 км жана чуркоо 30 км) дисциплинасынын алкагында көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында өттү.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортсмендер эки алтын жана бир күмүш медалга ээ болушту.

Эркектер арасында (PTVI):

Алтын медаль – Дастан Камчыбеков

Гайд — Игорь Измаилов.

Күмүш медаль — Жалалдин Абдувалиев

Гайд — Артём Ханадеев.

Кыз-келиндер арасында (PTVI):

Алтын медаль — Гүлназ Жүзбаева

Гайд — Оксана Рыбакова.