Кыргызстандык спортчулар Евразия лигасынын Дүйнөлүк кубогунун финалдык этабында 7 медаль жеңишти
Казакстандын Астана шаарында 18-22-ноябрь күндөрү конкур боюнча Евразия лигасынын Дүйнөлүк кубогунун финалдык этабы өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, эл аралык мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Россия жана Грузиядан келген спортчулар катышты.
Кыргызстандын курама командасы беш спортсменден туруп, жалпы 7 медаль (2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло) жеңип алышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун ээлери:
- Луиза Галимова (110 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча);
- Ринат Галимов (135 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча, чакан Гран-при).
2-орун ээлери:
- Ринат Галимов (140 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча);
- Игорь Козубаев (130 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча, джокер менен);
- Богдан Стрельников (110 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча).
3-орун ээлери:
- Ринат Галимов (125 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча);
- Ринат Галимов (130 см бийиктиктеги тоскоолдуктар багыты боюнча, джокер менен).
