«123456» 2026-жылы дүйнөдөгү эң популярдуу сырсөз аталды
сүрөт: depositphotos.com
24 ноябрь

«123456» 2026-жылы дүйнөдөгү эң популярдуу сырсөз аталды

«123456» сандарынан турган комбинация 2026-жылы дүйнөдөгү эң көп колдонулган сырсөз болуп калды. Ал 7,2 миллиондон ашык жолу кездешкен. Бул тууралуу NordPass компаниясынын эң көп колдонулган 200 сырсөзгө арналган жылдык изилдөөсүндө айтылат.

«123456» акыркы сегиз жылдын ичинде жетинчи жолу биринчи орунду ээледи.

Экинчи орунга дээрлик 4,5 миллион жолу колдонулган «admin» сөзү чыкты. Үчүнчү орунду 3 миллионго жакын жолу кездешкен «12345678» комбинациясы ээледи.

Ошондой эле алдыңкы бештикке 1,8 миллиондон ашык жолу колдонулган «123456789» жана 1,9 миллионго жакын жолу кездешкен «1234» сырсөздөрү кирди.

Эң көп колдонулган сырсөздөрдүн арасында англис тилиндеги «пароль» деген маанини билдирген «password» сөзү да бар.

Изилдөө 44 өлкөнү камтыган. Адистер 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилде ачыкка чыгып кеткен маалыматтарды жана даркнеттен табылган базаларды талдашкан.

NordPass адистеринин белгилешинче, латын алфавитин колдонгон өлкөлөрдө популярдуу сырсөздөрдүн арасында сөздөр көп кездешет. Ал эми башка жазуу системаларын колдонгон мамлекеттерде колдонуучулар жөнөкөй сандык комбинацияларды көбүрөөк тандашат.

Мындан тышкары, изилдөөдө массалык маданияттын сырсөз тандоого тийгизген таасири да каралган. Тизмеде музыкалык топтордун аталыштары, каармандардын ысымдары, видеоюндардын, сериалдардын, мемдердин жана социалдык тармактардын аттары кездешет. Алардын арасында Metallica, Minecraft, Squid Game, TikTok жана Roblox бар.

Адистер мындай сырсөздөрдүн көпчүлүгү жөнөкөй сандык комбинациялар сыяктуу эле бир нече секунданын ичинде бузулушу мүмкүн экенин эскертишет.