2027-жылы Кыргызстанда 42 медициналык мекеме жана 107 мектеп курула баштайт
президенттин администрациясы
24 ноябрь

2027-жылы Кыргызстанда 42 медициналык мекеме жана 107 мектеп курула баштайт

2027-жылы Кыргызстанда 42 медициналык мекеме жана 107 мектептин курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана аймактардагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2021-жылдагы 26 млрд сомдон 2026-жылы 73,1 млрд сомго чейин өстү.

Ал эми билим берүү тармагына 2026-жылы 96 млрд сом каралган.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы социалдык инфраструктуранын 262 объектисин куруу жана пайдаланууга берүү пландалган.

Касымалиев жол куруу иштеринин көлөмү да кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Эгерде 2021-жылы 175 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2026-жылдын ноябрь айына карата бул көрсөткүч 1 миң 883 чакырымга жеткен.

Министрлер кабинетинин баамында, инфраструктураны өнүктүрүү туристтердин агымын көбөйтүүгө да өбөлгө түзөт. 2026-жылы Кыргызстанга 12–13 млн чет элдик жаран келет деп күтүлүүдө.