Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы
24 ноябрь
Ноокенде дайынсыз жоголгон 20 жаштагы Алмаз табылды
Ноокен районунда дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Алмаз Мамытбеков табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Алмаз Токтогул районунда ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан табылып, атасына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Алмаз Мамытбеков 13-ноябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан.
