Муктаждарга жардам берүү үчүн жумшалган 3,7 млн сом кайда кетти? Прокуратура эки иш козгоду
Башкы прокуратурасы тарабынан мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды.
Маалыматка ылайык, алсак, 2022–2023-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жалпы суммасы 3 млн 737 миң 313 сомду түзгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алты келишим түзгөн.
Аталган келишимдерди ишке ашырууда айрым жооптуу кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды өздөштүрүп, отчеттук документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизишип, келишимдердин аткарылышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзүшкөн эмес.
Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, улгайган жарандарды, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого багытталган каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379, 210 жана 348-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
