Блогер Айтилек Орозбеков улут аралык кастыкты козутуу боюнча иште акталды
видеодон алынган кадр
22 сентябрь

Блогер Айтилек Орозбеков улут аралык кастыкты козутуу боюнча иште акталды

Свердлов райондук соту блогер Айтилек Орозбековду улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча козголгон кылмыш ишинин бардык беш эпизоду боюнча актады. Бул тууралуу Орозбековдун өзү жана анын жактоочусу Жаныш Бараков билдиришти.

Адвокаттын айтымында, кайра жүргүзүлгөн комиссиялык лингвистикалык экспертиза материалдардан мыйзамсыз аракеттерге чакырыктарды жана улуттук кастыкты козутуунун белгилерин аныктаган эмес.

Иш сотто болжол менен бир жарым жыл каралган. Буга чейин мамлекеттик айыптоо блогерге 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салууну сураган.

Иштин негизги эпизоддорунун бири «Куликовский» кондитердик үйүнө байланыштуу болгон.

Эске салсак, жаңжал Орозбеков тармактын кафелеринин биринде кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылгандан кийин башталган. Кийин ал бул окуя боюнча социалдык тармактарга видеолорду жарыялаган.

Компаниянын өкүлдөрү укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин Орозбеков кармалган. Кийинчерээк сот анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн.

Блогер бул ишти мамлекеттик тилдин макамын сактоо жагынан принципиалдуу деп эсептей турганын билдирген. Социалдык тармактарда аны «тил патрулу» деп да аташкан.

Кийин тараптар элдешип, «Куликовский» арызын кайтарып алган. Ошого карабастан, кылмыш ишин кароо улантылган.

Соттук териштирүүнүн бир этабында компаниянын өкүлдөрү Орозбековго карата баш коргоо чарасын күчөтүп, аны камакка алууну талап кылышкан. Ал муну интернетке кирүүсүн жана процесстин жүрүшү тууралуу коомчулукка билдирүүлөрүн чектөө аракети катары баалаган.

Эми Свердлов райондук соту иштин бардык беш эпизоду боюнча Орозбековду актаган өкүм чыгарды.