Депутат чиновниктерди 1-класстын окуучуларына салыштырды
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы “Бедел” өткөрүү пунктуна, Үзөңгү-Кууш дарыясынын үстүнө автоунаа өтүүчү көпүрө куруу пландалууда. Транспорт министринин орун басары Бактыгул Момбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдиргендей, көпүрөнүн узундугу 56 метр, туурасы 12 метр болот. Анын 28 метри Кыргызстандын, дагы 28 метри Кытайдын аймагында жайгашкандыктан, өлкөлөр ар бири өз аймагындагы бөлүгүн өздөрү курууну макулдашууда.
“Бедел” өткөрмө пункту 2024-жылдын сентябрь айында ачылган, андан бери жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу убактылуу темир көпүрө аркылуу болууда. Эми заман талабына жооп берген көпүрө курууга убакыт келди. Пландалып жаткан көпүрө 3-категориядагы автомобиль жолунун талаптарына жооп берет. Макулдашууга ылайык, тараптар көпүрөнүн өзү тараптагы бөлүгүн өздөрү курат. Азырынча алдын ала баалоого ылайык, баасы 940 миң доллар. Бирок бул акыркы сумма эмес, смета түзүлүп, экспертизадан өткөндөн соң өзгөрүшү мүмкүн”, - деди Момбеков.
Депутат Чолпон Эсенаманова документте “каражат керектелбейт”деп көрсөтүлүп, ал жыйында каражат “Капиталдык салымдардан” алынаары айтылып жатканына түшүнбөй калды.
Момбеков котормодон ката кеткенин белгиледи.
“Котормодон ката кетип калган окшойт. Каражат керектелет. Бирок азыр эмес, көпүрө курулуп баштагандан соң республикалык бюджеттен каржыланат”, – деп түздөдү.
Ошондой эле долбоордун алдын ала баасы 940 миң доллар деп көрсөтүлгөнүн, бирок Кытай менен бөлүшкөндө Кыргызстан анын 50 пайызын гана (көпүрөнүн жарымын) көтөрөөрүн кошумчалады.
Депутат Медина Кайрылбекова автоунаа өтүүчү көпүрө курулса, бюджетке канча кошумча киреше түшөөрүнө кызыкты. Маалым болгондой, учурда “Бедел”өткөрмө пункту аркылуу суткасына 400дөй жүк ташуучу унаа кирип-чыгат. Жаңы көпүрө бул көрсөткүчтү канчалык көбөйтөт жана андан кыргыз экономикасы кандай пайда көрөрүн депутат сурады.
Транспорт министринин орун басары алар болгону жолчулар экенин, жолдун салынышын гана көзөмөлдөй турганын, ал эми макро экономикалык көрсөткүчтү башка мекемелер аныктаарын эске салды.
“Ар бир ишти кылаарда бир аз болсо да аналитика кылыш керек да. Кичинекей эле ишти баштаарла деле кеткен чыгым менен келген кирешени эсептейсиң. Мамлекеттик кызматкерлер бул жерде туруп алып, аны сурасаң деле билбейбиз, муну сурасаң деле билбейбиз дейсиңер, 1-класстын окуучусундай болуп”, – деди Кайрылбекова.
Жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү жок болгондуктан, жаңы көпүрө канча киреше алып келиши мүмкүндүгү айтылбаган бойдон калды.
