Жети-Өгүздө унаанын ичинен уруксат кагаздары жок ок атуучу курал табылды
Жети-Өгүздө документтери жок ок атуучу курал алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган Б.А. башкарган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаанын салонунан ок атуучу курал табылган. Куралга тиешелүү уруксат берүүчү документтерди көрсөтүү талап кылынганда, айдоочу аталган документтердин жок экендигин билдирген.
Бул факты Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алдын ала түшүндүрмөсүндө Б.А. ок атуучу куралды буга чейин таап алгандыгын билдирген.
Учурда куралдын түрүн, техникалык абалын жана башка маанилүү жагдайларды аныктоо максатында соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
