700дөн ашуун катышуучуну бир аянтчада. Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтүүдө
КР УКМК
22 сентябрь

700дөн ашуун катышуучуну бир аянтчада. Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтүүдө

Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» аянтчасында мамлекеттик органдардын, каржы жана банк секторунун, телекоммуникация жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана кесипкөй коомчулукту бириктирген киберкоопсуздук боюнча улуттук «CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалы өтүп жатат.

Программанын негизги иш-чараларынын бири катары— маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.

Отурум маалыматтык жана киберкоопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.

Жыйындын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, учурдагы коркунучтарды баалоо, ошондой эле маалыматтык жана киберкоопсуздук чөйрөсүндө координациялоо механизмдерин мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

«CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалынын негизги уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Фестиваль Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, SkySOC Beeline компаниясынын жана Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин активдүү катышуусу жана уюштуруучулук өнөктөштүгү менен өткөрүлүүдө.

Мындай өнөктөштүк киберкоопсуздукту өнүктүрүүгө карата бирдиктүү мамилени чагылдырат — мамлекеттик сектордун, бизнестин, технологиялык жана эксперттик коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет.

Быйыл фестиваль 700дөн ашуун катышуучуну бир аянтчага топтоду. Иш-чарага мамлекеттик органдар, критикалык маалыматтык инфраструктуранын субъекттери, банктар жана каржы уюмдары, телекоммуникация жана IT-компаниялар, билим берүү мекемелери, эл аралык уюмдар жана киберкоопсуздук тармагындагы адистер катышууда.

Фестивалдын программасы бири-бирин толуктаган төрт негизги багытты камтыйт: панелдик сессиялары бар Cyber Conference форуму, Cyber EXPO технологиялык көргөзмөсү, практикалык Cyber Nomad CTF кибермашыгуулары, ошондой эле кесиптик баарлашуу жана ишкердик кызматташуу үчүн Networking Hub аянтчасы.

Программада Cyber Nomad CTF — практикалык кибермашыгуулар жана мелдештер өзгөчө орунду ээлейт. Быйыл мелдеш үч этапта өткөрүлүүдө.

7-сентябрда жеке Jeopardy CTF форматында биринчи тур болуп өттү. Катышуучулар 24 сааттын ичинде киберкоопсуздуктун ар кандай багыттары боюнча практикалык тапшырмаларды аткарып, талдоо жүргүзүү, алсыздыктарды издөө жана стандарттуу эмес маселелерди чечүү жөндөмдөрүн сынашты.

14-сентябрда киберинциденттерди иликтөөгө арналган экинчи тур өттү. Катышуучулар командаларда иштеп, SIEM-системасындагы окуяларды талдап, системанын бузулгандыгынын белгилерин аныктап, болгон инциденттин толук картинасын калыбына келтиришти.

Эки тандоо этабынын жыйынтыгы боюнча финалга чыккан 11 команда аныкталды. Алар бүгүн Cyber Nomad CTF мелдешинин бетме-бет финалында жеңиш үчүн таймашын улантууда.

Финалдык этап кибермейкиндиктеги реалдуу каршылашуу сценарийлерине мүмкүн болушунча жакындатылган Attack/Defense форматында өтүүдө.

Командалар бир эле учурда өздөрүнүн инфраструктурасын коргоп, атаандаштарынын системаларындагы алсыздыктарды аныктоого аракет кылышат. Алар чабуулдарды аныктап, болуп жаткан окуяларды талдап, инциденттерге ыкчам чара көрүп, өз системаларын жаңы чабуулдардан коргошу керек.

Ошондой эле фестивалдын алкагында мамлекеттик органдардын, банк жана каржы секторунун, телекоммуникация жана IT-компаниялардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген панелдик сессиялары бар Cyber Conference форуму өтүүдө.

Талкуулардын негизги темалары — мамлекеттик маалыматтык системаларды жана критикалык маалыматтык инфраструктураны коргоо, заманбап киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү, каржы жана телекоммуникация секторлорунун коопсуздугу, адистерди даярдоо жана улуттук киберкоопсуздукту өнүктүрүү болуп саналат.

Панелдик сессиялардын форматы эксперттердин позицияларын сунуштоо менен гана чектелбестен, практикалык маселелерди талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана мамлекет, бизнес жана кесиптик коомчулуктун ортосунда мындан аркы өз ара кызматташтыктын багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Cyber EXPO аянтчасында киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы 10дон ашык уюмдун чечимдери жана технологиялары сунушталууда.

Networking Hub — мамлекеттик органдардын, бизнестин, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн кесиптик баарлашуусу, жаңы байланыштарды түзүүсү жана кызматташтыкты өнүктүрүүсү үчүн түзүлгөн аянтча.

CYBERNOMAD FEST 2026 Кыргыз Республикасында кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, практикалык тажрыйба алмашуу, жаңы адистерди даярдоо жана кибертуруктуулукту чыңдоо үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү улуттук аянтчага айланууну көздөйт.