ЖК комитети Пакистан менен экстрадиция жана укуктук жардам боюнча макулдашууларды жактырды
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь

ЖК комитети Пакистан менен экстрадиция жана укуктук жардам боюнча макулдашууларды жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 22-сентябрда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун жактырды.

Документтерди депутаттарга башкы прокурордун орун басары – аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев тааныштырды.

Биринчи документ кылмыш иштерин тергөөнүн жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын жана Пакистандын компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.

Экинчи макулдашуунун долбоору кылмыш жасоого байланыштуу издөөдө жүргөн адамдарды өткөрүп берүүгө багытталган. Ал аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу же буга чейин чыгарылган сот өкүмүн аткаруу максатында өткөрүп берүүнүн укуктук негизин түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Пакистан буга чейин да эл аралык кылмыш-укуктук кызматташтыктын аталган багыттары боюнча документтерге кол коюшкан.

Карап чыгуунун жыйынтыгында тармактык комитет сунушталган документтердин долбоорлорун колдоду.