Тармактык комитет Беларусь Республикасы менен жарандардын болуу тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоору менен Президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Талантбек Джунушев тааныштырды.
Баяндамачы белгилегендей, макулдашууда экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында убактылуу болуучу биринчи Тараптын мамлекетинин жарандары келген Тараптын компетенттүү органдарында отуз (30) календардык күндүн ичинде катталуу (келген жери боюнча каттоого туруу) милдетинен бошотулары каралган.
«Макулдашууну ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, кыргыз-беларусь мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө, мамлекеттер ортосундагы экономикалык жана туристтик байланыштардын кеңейишине өбөлгө түзөт», - деди Талантбек Джунушев.
Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын ичинен саламаттык сактоо тармагындагы байланыштарды жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Эл өкүлү аталган өлкөдө трансплантология тармагы жакшы өнүккөнүн айтып, кыргыз жарандары үчүн тиешелүү медициналык операцияларды жасоого квота алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Депутат Чолпон Эсенаманова Беларусь Республикасындагы эмгек мигранттарынын жүрүү тартиби, аларды каттоо жана эсепке алуу шарттарына кызыкты.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
