Кыргызстан менен Индия соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө келишим даярдап жатат
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан менен Индиянын ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин долбоорун жактырды.
Документти башкы прокурордун орун басары – аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев тааныштырды.
Келишимдин долбоору эки өлкөнүн соттолгон жарандары өз жарандыгы болгон мамлекетте жазасын андан ары өтөөсү үчүн аларды өткөрүп берүүнүн укуктук негизин түзүүгө багытталган.
Жыйында депутаттар учурда Индияда канча кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын сурашты.
Маалыматка ылайык, учурда мындай жарандардын так саны белгисиз.
Ошондой эле Индиянын мыйзамдарында каралган өлүм жазасына байланыштуу маселе өзүнчө талкууланды. Депутаттар мындай учурлар келечектеги келишимдин алкагында кандай тартипте жөнгө салынарын сурашты.
Кыргызстан акыркы жылдары соттолгондорду өткөрүп берүү жана экстрадициялоо маселелери боюнча келишимдик базасын кеңейтип келет. Буга чейин Индия менен да ушул сыяктуу макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет келишимдин долбоорун жактырды.
