Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь

Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барат.