Тармактык комитет президенттин шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун карады
Жогорку Кеңеш
22 сентябрь

Тармактык комитет президенттин шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун карады

Бүгүн, 22-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоорун карады.

Жыйында аталган маселе боюнча комитеттин төрайымы Гульнара Акимбаева маалымат берди.

Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындаларын белгилеген комитет төрайымы кезектеги шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айындагы төртүнчү шаршембиде өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жыйынтыгында комитет токтом долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.