Айымкыз Айдаралиева Азия оюндарында Кыргызстандын рекордун жаңыртты
22 сентябрь

Айымкыз Айдаралиева Азия оюндарында Кыргызстандын рекордун жаңыртты

2026-жылы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык сууда сүзүүчү Айымкыз Айдаралиева Кыргызстандын жаңы улуттук рекордун койду.

Спортчу 200 метр аралыкка эркин сүзүүдө 2 мүнөт 5,23 секунддук жыйынтык көрсөттү.

«2:05.23 — Кыргызстандын жаңы улуттук рекорду!» — деп белгиледи Кыргызстандын Суу спорт түрлөрү федерациясы.

Федерациянын президенти Уланбек Акматбаев спортчуну жаңы рекорду менен куттуктап, анын жасаган эмгегин белгиледи.

«Айымкызды Кыргызстандын жаңы рекорду менен куттуктайм! Ал чоң эмгек жасап, бүгүн аны континенттеги башкы мелдеште көрсөтө алды. Айымкызга ишенимдүү болууну, ийгиликтүү старттарды жана жаңы жеке жана улуттук рекорддорду каалайм. Спортчубуз менен сыймыктанабыз!» — деди ал.

Ошол эле күнү Кыргызстандын курама командасынын лидери Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалга чыкты. Ал квалификациялык жарышта 1:00.22 жыйынтык көрсөтүп, төртүнчү орунду ээледи.