Кыргызстан менен БУУ билим берүү тармагындагы кызматташтыкты улантат
Агартуу министрлиги
22 сентябрь

Кыргызстан менен БУУ билим берүү тармагындагы кызматташтыкты улантат

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.

Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 23-сентябрда өткөн.

Жолугушуу Антье Гравенин Кыргызстандагы төрт жылдык миссиясынын аякташына байланыштуу өттү. Тараптар кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси жана БУУ системасынын агенттиктери менен билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан трансформация, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, санариптик чечимдерди киргизүү жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү тууралуу айтып берди. Министр балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, социалдык жана "жашыл" көндүмдөрүн калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, буллингдин жана зомбулуктун алдын алууга, тынчтык жолу менен диалог жүргүзүү маданиятын, социалдык ынтымакты жана маалымат мейкиндигиндеги жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду өнүктүрүү суроолоруна өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле тынчтыкты бекемдөөгө багытталган билим берүү жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, мектеп психологдору жана социалдык педагогдор үчүн усулдук жана окутуучу материалдарды даярдоо, ата-энелер менен иштөөнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Антье Граве Кыргызстанда болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, адамдык капиталды өнүктүрүүгө мындан ары да инвестиция салуунун жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда министр Догдуркүл Кендирбаева Антье Гравеге билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы, жигердүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.