Бишкектеги АИВ жана вирустук гепатиттерди аныктоо борборундагы кырдаал жөнгө салынды
22 сентябрь

Бишкектеги АИВ жана вирустук гепатиттерди аныктоо борборундагы кырдаал жөнгө салынды

Бишкектеги Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо жарандардын санынын кескин өсүшүнө байланыштуу пайда болгон кезектер иретке келтирилүүдө. Учурда борборго күнүнө 400–500гө чейин жаран кайрылууда. Алардын басымдуу бөлүгү милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова борборго барып, жарандарды кабыл алуу процессин жеринен көзөмөлдөдү.

Жарандарды кабыл алууну тездетүү үчүн Коомдук саламаттык сактоо институтунун конференц-залы убактылуу кабыл алуу жайы катары даярдалып, АИВ жана вирустук гепатиттерге текшерилүүгө келген кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу уюштурулду.

Мындан тышкары, электрондук кезек, каттоо, касса жана анализдердин жыйынтыктарын берүү системалары ишке киргизилди. Кошумча адистер тартылып, кабыл алуу бөлүмүндө 5 стол иштеп жатат.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер министрлигинен бир кызматкер бөлүнүп берилди.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында учурда борбордогу абал турукташып, жарандарды кабыл алуу жана медициналык текшерүүдөн өткөрүү иштери белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө.