Жалал-Абад облусу менен ЕККУнун ортосундагы практикалык кызматташтык кеңейтилет
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
22 сентябрь

Жалал-Абад облусу менен ЕККУнун ортосундагы практикалык кызматташтык кеңейтилет

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн, 22-сентябрда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Жолугушууда Жалал-Абад облусундагы социалдык-экономикалык, экологиялык, чек ара аймактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо жана калктын социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тилек Текебаев облус үчүн ЕККУ менен кызматташтык маанилүү экенин белгилеп, уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан практикалык колдоого жогору баа берилээрин айтты.

Ошондой эле облустун айыл чарба, өнөр жай, энергетика жана туризм тармагындагы потенциалына токтолуп, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, аялдар менен жаштардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багыттарында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда Жалал-Абад облусу менен ЕККУнун ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилип, келечектеги программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча пикир алмашылды.