Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мындай чара Кытайда Күз ортосу майрамы жана КЭРдин Улуттук күнү белгиленгендигине байланыштуу.
Кытай тараптын маалыматына ылайык, «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат:
«Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту:
- 2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;
- 2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.
«Торугарт-автожол» өткөрүү пункту:
- 2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;
- 2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.
Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууну сунуштайт.
