Ош улуттук драма театры 55-чыгармачылык сезонун ачты
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 55-чыгармачылык сезонун ачты. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Сезондун ачылышына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада театрдын жамаатын жана көрүүчүлөрдү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Акжол Дооранбек уулу, театрдын директору Керимбек Калыкулов жана көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уланмырза Карыпбаев куттукташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы сезондун чыгармачылык пландары жана репертуары тааныштырылды. Быйыл театрда Адылбек Дыйканбаев менен Мырза Гапаровдун 90 жылдыгына, Искендер Рыскулов жана Бектен Абдылдаевдин 85 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары, репертуарды жаңы спектаклдер менен толуктоо жана улуттук драматургияны кеңири жайылтуу багытында бир катар чыгармачылык долбоорлор ишке ашырылат.
55-сезондун алгачкы спектакли катары казак классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.
