Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
23 ноябрь

Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 155 миллион сомду түзөт.

Мектептин курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имарат тургузулуп, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 3036 чарчы метрди түзүп, төрт блоктон турат. Мектепте негизги окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилип, көзөмөлгө алынууда.